• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда "Мекен-карт" алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын 13-мартынан баштап "Мекен-карт" документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:

- Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борбору (мындан ары - КТБ);

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:

- Кыргыз Республикасынын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу;

- жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо;

- эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;

- саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөө;

- жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен "Мекен-карт" документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.

"Мекен карталарын" алуу үчүн документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайттарында жарыяланган.

"Долбоор "Мекен карт" системасынын техникалык оператору болгон КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Кошумча суроолор болсо 119 суроо кызматына (Кыргызстандын аймагында) же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылсаңыз болот (байланыштар КР Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлгөн mfa.gov.kg).

Пикир

Оставить комментарий