• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кинорежиссер Марат Сарулу менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер,кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу менен коштошуу зыйнаты эртең, 11-мартта өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Марат Сарулуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00 Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтмөкчү.

Белгилей кетсек, Марат Сарулу 10-мартта 51 жаш курагында дүйнө салды.

Пикир

Оставить комментарий