• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

"Кыргызленд" ассоциациясы өкмөткө экспортерлорду колдоо боюнча кайрылуу жасады

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызленд" экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова өкмөткө экспортерлорду колдоосу боюнча кайрылуу жасады.

Анын айтымында, "Кыргызленд" ассоциациясы 2016-жылдан тарта "Жерден сатыкка чейинки жол" долбоорунун алкагында айыл чарба азыктарын Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнө экспорттоодо.

"Мамлекеттин бюджетине салым кошуп, жумушсуздукту, миграцияны тизгиндей турган айыл чарба товарларын экспорттоону жолго коюу үчүн өкмөткө 6 пункттан турган расмий кайрылуу жасайбыз. Биз өкмөттөн 6 пункттан турган көйгөйлөрдү четтетүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнү, ошондой эле экспортерлордун ишмердүүлүгүн жакындан колдоосун жана коргоосун өтүнөбүз", - дейт ал.

1. Аткезчиликке өкмөт тарабынан чек коюлушу керек;
2. Системдүү кызыл кулактык (перекупщиктер). Алардын иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу;
3. Сергек атаандаштыктын калыптана электиги;
4. Чийки аналитикалык билдирүүлөр, божомол маалыматтар;
5. Экспорттук потенциалдын жана экспортерлордун корголбогондугу;
6. Экспортту колдоочу мамлекеттик банктын жоктугу (колдоо, каржылоо, өнүктүрүү).

Ниязбекова белгилегендей, Кыргызленд" ассоциациясы өкмөттүн 2019-2022-жылдар ичинде экспортту өнүктүрүү боюнча №596 жарлыктын алкагында экспортерлорду колдоосун суранат.

Пикир

Оставить комментарий