• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте электрондук калдыктарды башкаруу боюнча долбоор талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкек мэринин орун басарлары Жыргалбек Шамыралиев менен Нурдан Орунтаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар электрондук калдыктарды башкаруу боюнча долбоорду талкуулашты.

Келген коноктор бул маселе боюнча өз изилдөөлөрүн сунуштап, катуу таштандыларды чыгаруу жана жок кылуу менен алектенген жетекчилер менен жолугушуу уюштурууну өтүнүштү.

Өз кезегинде, мэрдин орун басарлары долбоордун Бишкек шаары үчүн актуалдуулугун баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий