• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кампа жана тетиктер күйдү. Бишкекте унаа сырдоочу жай өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкектеги Баха менен Береговой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа сырдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган.

"Тилсиз жоо саат 13:25те чектөөгө алынып, 14:01де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен унааларды оңдоп-сырдоо цехинин 50 чарчы метр кампасы жана унаа тетиктери күйүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий