• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу УКТ мүчөлөрүнө кол салууну уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө кол салуу болгон.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, бүгүн, 13-январь күнү саат 01:15тер чамасында Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын аркасында белгисиз жарандар Баткен облусунун 30 жаштагы А.Н. аттуу тургунун денесине миздүү курч буюм менен бир нече оор жаракаттарды келтирип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетишкен.

Ошондой эле анын 28 жаштагы Н.М. аттуу шериги (Кара-Суу районунун тургуну) дагы денесинен (өзгөчө бут органдары катуу жабыркаган) жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Натыйжада Баткен облусунун А.Н. аттуу тургуну денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 16-пункту менен көрсөтүлгөн кылмыш иштин белгилери боюнча иш козголгон. Тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

“Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу: ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Окуя кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган.

Натыйжада кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаран изделүүдө:

1. 28 жаштагы Акылбек Раимберди уулу, Өзгөн районунун тургуну;
2. 28 жаштагы Эламан Коргонбай уулу, Ош шаарынын тургуну;
3. 25 жаштагы Курсантбек Шакир уулу, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

“Учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыңыздар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу байланыш коюңуздарды суранабыз”, - деп жазылган маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий