• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Болгария туристтик агымды көбөйтүү багытында тыгыз кызматташат

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, министрдин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Болгария Республикасынын туризм министри Ильин Димитров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап тыгыз кызматташуунун бир катар маселелери боюнча пикир алышып, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде Самат Шатманов Кыргызстандагы туризм тармагындагы абал, өлкөнүн чет мамлекеттер менен болгон кызматташтыгы, анын ичинде туристтик маршруттар боюнча түз авиакаттамдардын ачылышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жолугушууда туризм тармагында кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимди иштеп чыгуу жана ага кол коюу маселеси көтөрүлдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын Болгария элине таанылуусун арттыруу, ошондой эле туристтик агымды көбөйтүү максатында кызматташтыкты күчөтүү, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий