• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Футболчу Элдар Молдожунусов Индиянын “Гокулам Керала” клубуна өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Элдар Молдожунусов Индиянын “Гокулам Керала” клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Молдожунусов 2020-жылдан бери Кыргызстандын премьер лигада 68 беттеш өткөрүп, 28 гол киргизген.

2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Монголия менен болгон беттеште улуттук курамада дебют жасаган. Ал улуттук курамада 8 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий