• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын жаштар жана кадеттер арасындагы жиу-житсу боюнча курама командасы 8-Азия чемпионатында 7 коло медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 3-майдан 8-майга чейин болуп өттү.

Чемпионатка 30га жакын өлкөдөн келген 1300дөн ашык спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

-Султан Русланбеков(U-18, 69 кг);
-Салим Хунлов(U-18, 77 кг);
-Янар Сарыбаев(U-18, 85кг);
-Имран Магомедов (U-21, 85 кг);
-Нурсултан Куштарбек уулу(чоңдор жана жаштар арасында 2 коло медаль жеңди, 62кг);
-Жангазы Курманбеков(U-21, 94 кг)

Пикир

Оставить комментарий