• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-Азия кубогу: Кыргызстан менен Мьянма тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстан менен Мьянманын курама командалары 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында ойношуп, 2:2 эсебинде тең чыгышты. Оюн кечээ, 10-октябрда Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда өткөн.

Антон Землянухин биринчи топту, Виктор Майер экинчи топту каршылаштардын дарбазасына киргизген.

Бирок, оюндун аягында эки курама команда тең чыккан.

Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин айтуусу боюнча, оюнду 2:0 эсебинде жеңип бара жатып, аягында тең чыгуу эч нерсеге жарабайт.

Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.

Пикир

Оставить комментарий