• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан-Таиланд беттеши. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат

Спорт 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрөт. Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеши.

Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтөт.

Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат. "Ак шумкарлар" старттык оюнда ак түстөгү формада ойнойт.

Кыргыз футбол союзунан Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона бир жерде гана уюштуруларын билдиришти. Буга чейин борбор калаадагы "Дордой Плаза" жана "Азия Молл" соода борборунда "Ак шумкаларды" сүрөйм дегендер үчүн атайын аянтча уюштурулары айтылган болчу.

"Техникалык себептерден улам "Дордой Плазада" уюштурулбай калды. Фан-зона "Азия Молл" соода борборунун 3-кабатында гана уюштурулат", - деп билдиришти КФСдан.

Беттешке бир саат калганда атайын оюн-зоок программасы өтүп, күйөрмандар арасында белектер ойнотулат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий