• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Месси, Роналду баштаган "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин тизмеги жарыяланды

Спорт 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Франциялык France Football журналы тарабынан жыл сайын берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгынын быйылкы талапкерлеринин тизмеги жарыяланды. Бул тууралуу аталган журнал өзүнүн Twitter баракчасына билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Тизмеде "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана "Ювентус" командасынын жылдызы Криштиану Роналду да бар. "Алтын топ" сыйлыгына эки оюнчу тең 5 жолу татыган.

Ал эми, мурунку жылы бул сыйлыкты "Реалдын" оюнчусу Лука Модрич алган. Бирок быйылкы жылы сыйлыктын тизмегине кирген эмес.

"Алтын топ" сыйлыгына талапкерлер:

Вирджил ван Дейк (Нидерландия, "Ливерпуль"), Бернарду Силва (Португалия, "Манчестер Сити"), Сон Хын Мин (Түштүк Корея, "Тоттенхэм"), Роберт Левандовский (Польша, "Бавария"), Роберто Фирмино (Бразилия, "Ливерпуль"), Криштиану Роналду (Португалия, "Ювентус"), Алиссон (Бразилия, "Ливерпуль"), Маттейс де Лигт (Нидерландия, "Ювентус"), Карим Бензема (Франция, "Реал"), Жоржиньо Вейналдум (Нидерландия, "Ливерпуль"), Килиан Мбаппе (Франция, "Пари Сен-Жермен"), Трент Александер-Арнольд (Англия, "Ливерпуль"), Донни ван де Бек (Нидерландия, "Аякс"), Пьер-Эмерик Обамеянг (Габон, "Арсенал"), Марк-Андре тер Штеген (Германия, "Барселона"), Садио Мане (Сенегал, "Ливерпуль"), Серхио Агуэро (Аргентина, "Манчестер Сити"), Френки де Йонг (Нидерландия, "Барселона"), Юго Льорис (Франция, "Тоттенхэм"), Душан Тадич (Сербия, "Аякс"), Лионель Месси (Аргентина, "Барселона"), Рияд Марез (Алжир, "Манчестер Сити"), Кевин де Брёйне (Бельгия, "Манчестер Сити"), Калиду Кулибали (Сенегал, "Наполи"), Антуан Гризманн (Франция, "Барселона"), Мохамед Салах (Египет, "Ливерпуль"), Эден Азар (Бельгия, "Реал"), Маркиньос (Бразилия, "Пари Сен-Жермен"), Жоао Феликс (Португалия, "Атлетико"), Рахим Стерлинг (Англия, "Манчестер Сити").

Сыйлыкты тапшыруу аземи 2-декабрда Парижде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий