• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн шаарындагы түрк кафесине айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Өзгөн шаарындагы түрк кафесине айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун С.Ш. аттуу тургуну тарабынан "S.K." аталышындагы түрк кафесинде анын укуктары бузулганы боюнча арыз менен кайрылган. Себеби кафеде мамлекеттик тилде меню жок болгон жана кафенин кардарлары үчүн маалыматтык такталар орус жана түрк тилинде гана көрсөтүлгөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан "S.K." кафесинин менюсу мамлекеттик тилде жок экендиги аныкталып, кафенин жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилген.

Бирок, эскертүү өз убагында аткарылбагандыгы үчүн "S.K." кафесинин кожоюну Б.Т.Т.га КР мыйзамдарына ылайык, 13 миң сом айып салынды.

Белгилей кетсек, "S.K." кафесинин жетекчиси жогоруда белгиленген менюну мамлекеттик тилге которуу иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий