• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Максатыбыз татыктуу оюн көрсөтүү! "Ак шумкарлар" күйөрмандарга кайрылды (видео)

Спорт 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 2023-жылкы Азия Кубогунун старттык оюнунун алдында жалпы күйөрмандарга кайрылды.

Бүгүн "Ак шумкарлар" жаңы чакырыкка карай Азия Кубогуна болгон сапарын баштайт.

"Биздин башкы максатыбыз өлкө намысын коргоп, татыктуу оюн көрсөтүү. Биз сиздердин колдооңуздарды күтөбүз. Алга Кыргызстан!", - деп, улуттук кураманын оюнчулары аларды сүрөп турууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн 2023-жылкы Азия Кубогунун "F" квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну өтөт. Беттеш Катардагы Абдулла бин Халиф стадионунда болот.

Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат. "Ак шумкарлар" старттык оюнда ак түстөгү формада ойнойт.

Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт.

Турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий