• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жоламан Шаршенбеков “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү

Спорт 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы алты медаль жеңген. Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov - Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгеге ээ болгон. Жыйынтыгында жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.

Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча “Жылдын мыкты балбаны” наамына азербайжандык Элданиз Азизли, түркиялык балбандар Бурхан Акбудак жана Риза Каялп, сербиялык Зураби Датунашвили талапкер болушту.

Пикир

Оставить комментарий