• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Түркиядагы кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Учурда Анталия шаарындагы армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Аталган мелдеште Кыргызстандык спортчулар 13 медаль: эки алтын, жети күмүш, төрт коло утту.

80 кг салмак категориясында Александр Ли жана 55 кг салмакта Байтур Абжалбеков алтын медалга ээ болду. Булан Жоробеков (50 кг), Маматкасым Рахманбердиев (+100 кг), кыз-келиндер арасында Елена Тораторина (70 кг), пара армрестлинг боюнча Чолпонбай Жапаркулов (85 кг), Нурбек Алиев (70 кг), Шабдан Нуркамал уулу (+55 кг), Бекболсун Токтосун уулу (55 кг) дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээлери болушту.

Ошондой эле Осмон Нурбеков (45 кг), кыз-келиндер арасында Алтынай Кочкорова (70 кг), Дарья Ибрагимова (50 кг) жана пара армрестлинг боюнча Нуртилек Касым уулу (55 кг) коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, чемпионат 23-октябрь күнү жыйынтыктайт.

Пикир

Оставить комментарий