• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдагы Универсиада оюндарында жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло утту

Спорт 0

Бишкек, 07.08.23./Кабар. Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк студенттик (Универсиада) оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло байгенин ээси болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, жөө күлүк 174 өлкө катышкан таймашта 5 миң аралыкка чуркап, жыйынтыгында 3-орунду багындыра алды.

Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Универсиада оюндары 27-июль башталган, 9-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык студенттер командасы спорттун 5 түрүнөн катышып жатат, алар: жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана спорттук ок атуу боюнча.

Аталган иш-чарага Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы тарабынан 2 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий