• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте самбо боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте самбо жана дзюдо боюнча Азия чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси жана Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 9-11-февраль күндөрү өткөн мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 12 жаштан 17 жашка чейинки 500дөн ашык спортчу катышты.

Мелдештин расмий ачылышына мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, КР Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев жана спортчунун атасы Рахатбек Байшериев катышты.

Турнирдин максаты - Кыргызстанда самбонун өнүгүшүн жайылтуу жана спорт чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, КМШ республикаларынын спорттук командалары менен достук мамиле түзүү болуп саналат.

Жыйынтыгында 2007-2009-жылдары туулган кадеттер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Талантбеков Н. – Каракол;
2-орун – Тынчтыкбеков Н. – СК.Баатыр;
3-орун – Каныбеков А. – СК.Тайманбас;
3-орун – Рыспеков А. – Заря СК.

49 кг салмакта:
1-орун – Айтбеков А. – Каракол;
2-орун – Канатбеков К. – Каракол;
3-орун – Касымбеков Б. – Жумгал;
3-орун – Русланбеков Ж.– Ош.

53 кг салмакта:
1-орун – Жумалиев Н. – СК Рахатбеков;
2-орун – Аскарбеков Э. – Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу;
3-орун – Абдыманапов Б. – Жаңы-Арык;
3-орун – Иманкулов Э. – Алга Каракол.

58 кг салмакта:
1-орун – Шаршенов Д. – Ош;
2-орун – Келдибеков А. – Жумгал;
3-орун – Немотов М. – Узбекистан;
3-орун – Амантуров Т. – Алга Каракол.

64 кг салмакта:
1-орун – Максатов У. – Чолпон-Ата;
2-орун – Бекимбаев Б. – Узбекистан;
3-орун – Болотбеков С. – Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу;
3-орун – Шамшибеков А. – Ак Илбирс.

71 кг салмакта:
1-орун – Каримов Э. – Рахстбеков С.К.;
2-орун – Маруфов С. – Өзбекстан;
3-орун – Байбосунов М. – Шайыр;
3-орун – Бактыбаев Б. – Ак Илбирс.

79 кг салмакта:
1-орун – Манченпо А. – Ак Илбирс;
2-орун – Калмурзаев М. – Ош;
3-орун – Сүйүнбаев Б. – Ош;
3-орун — Бегимлв Ж.— Узбекистан.

88 кг салмакта:
1-орун – Авалбеков Э. – МТ.;
2-орун – Жагыбеков Э. – Заря;
3-орун – Уринбасаров Э. – Узбекистан;
3-орун – Василев П. – Узбекистан.

+88 кг салмакта:
1-орун – Токтогулов А. - Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу;
2-орун – Таштемиров Н. – Ош;
3-орун – Ким В. – ЛАФ;
3-орун – Кадыралиев А. - Жалал-Абад.

2010-2012-жылдары төрөлгөн балдардын арасында:
23 кг салмакта:
1-орун – Молдонов У. – ЛАФ;
2-орун – Рустанбеков Н. – СК Рахатбеков ;
3-орун – Кимурзаев И. – Курош Ордо;
3-орун – Балтабаев Б. – Бодрость.

29 кг салмакта:
1-орун – Бекжанов Р. – СК Барс;
2-орун – Думанаев А. – Алга Каракол;
3-орун – Магынбеков Б. – СК Рахатбеков;
3-орун – Акылбеков Н. – Жаңы-Арык;

32 кг салмакта:
1-орун – Бейшебаев А. – Алга;
2-орун – Молдонов А. – ЛАФ;
3-орун – Кыштобаев У. – МТ.;
3-орун – Муслимов А. – Санжыр.

35 кг салмакта:
1-орун – Бошмоюнов А. – МТ.;
2-орун – Таласов Б. – Алга Каракол;
3-орун – Ибрагимов К. – Алга Каракол;
3-орун – Дарханбеков А. – Каракол шаары.

38 кг салмакта:
1-орун – Ормонбеков Э – Заря;
2-орун – Осмонов У. – Алга Каракол;
3-орун – Бакашов Т. – Дархан;
3-орун – Пыщков А. – Кант.

42 кг салмакта:
1-орун – Жолболдуев С. – СК Рахатбеков;
2-орун – Байбосунов Н. – МТ.;
3-орун – Уланов К. – Кегети;
3-орун – Демченко Д. – ЛАФ.

46 кг салмакта:
1-орун – Галимжанов К – Мансан;
2-орун – Эргешов А. – 46-орто мектеп;
3-орун – Борончуев М. – Заря;
3-орун – Белеков И. – Алга Каракол.

50 кг салмакта:
1-орун – Садыров А. – Алга Каракол;
2-орун – Алиев У. – Алга Каракол;
3-орун – Кадырбеков Н. – Токтогул;
3-орун – Казаков Н. – Токтогул.

55 кг салмакта:
1-орун – Атабеков А. – Заря;
2-орун – Жолдошбеков Д. – Динамо;
3-орун – Керимкулов С. – МТ.;
3-орун – Рахматуллаев Т. – Узбекистан.

60 кг салмакта:
1-орун – Калдыбаев Б. – Узбекистан;
2-орун – Кылычбеков Д. – Бодрость;
3-орун – Убайдуллаев У. – Узбекстан;
3-орун – Дүйшөбаев Д. – Самбист.

+60 кг салмакта:
1-орун – Тыныбеков Т. – Бодрость;
2-орун – Жуманазаров А. – МТ.;
3-орун – Масюк И. – Кант;
3-орун – Бегалиев И. – Тон.

Жеңүүчүлөргө КР Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Самбо федерациясы тарабынан кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Мелдешти Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы КР Самбо федерациясы жана Бекболот Рахатбеков атындагы спорт клубу менен биргеликте уюштурду.

Белгилей кетсек, Бекболот Рахатбековдун элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнир 2013-жылдан бери он биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий