• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мэрдин кубогу-2022” футбол турниринин ачылышында Оштун “Алай” клубу жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 2-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турнири башталды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышуучу командаларга ийгилик каалап, боордош элдерди жакындаштырып, тажрыйба алмашууда спорттун маанисин арттыруу үчүн эл аралык турнирлерди өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

Турнирге Кыргызстандын футболдук клубдары — Оштун “Алай”, Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи”, Өзбекстандын футболдук клубдары — Ташкенттин “Бунёдкор” жана Андижандын “Андижан” командалары катышууда.

Ачылыш оюнунда “Алай” (Ош) жана “Андижан” (Андижан) командалары беттешти. Беттештин жыйынтыгы 2:1 эсебинде "Алай" футболдук клубунун пайдасына чечилди.

Белгилей кетсек, турнирдин жобосу боюнча жарым финалдык беттештердин жеңүүчүлөрү баш байге үчүн ат салышса, жеңилгендер жооткотуучу финалда беттешет. Эртең борбордук стадиондо экинчи жарым финалдык оюнда “Нефтчи” (Кочкор-Ата) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командалары беттешет.

Мелдештин уюштуруучулары — Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасы, Ош шаарынын жана Ош облусунун футбол ассоциациясы жана “Алай” футболдук клубу.

Ош мэриясынан билдиришкендей, бул турнирди жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий