• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Бүгүн-эртең туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

ӨКМ коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий