• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандын ишкерлери бизнес-миссия менен Лондон шаарында жүрөт

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөр жана текстиль өнөр жай ассоциацияларынын өкүлдөрү Лондондо иш сапары менен жүрүшөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө алар Лондондун Соода-өнөр жай палатасынын, Британиянын тиешелүү мамлекеттик департаменттеринин жана бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Иш сапардын алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын элчиси Улан Жусупов Улуу Британия тарабынан сунушталган жаңы DCTS соода преференциясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ал Кыргызстандын товарлары үчүн британ рыногуна алымсыз негизде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Тараптар ошондой эле потенциалдуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун, Кыргызстандын экспортунун түзүмүн, логистикалык маршруттарды жана экспорттук продукцияны сертификациялоо маселелерин талкуулашты.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууда кыргыз делегациясын ведомствонун тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы Жеймс Клеверли тосуп алды. Ошондой эле Т.Сариевдин ведомствонун Эл аралык байланыштар боюнча директору Крис Аллан жана Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ник Боулер менен жолугушуусу уюштурулуп, мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.

КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Пол Уоттингем жетектеген Улуу Британиянын тышкы иштер жана өнүктүрүү кеңсесинде өткөн сессияга катышты. Ишкерлер Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен соода кылуунун жаңы схемасы (DCTS) менен таанышып, текстиль жана айыл чарба секторлоруна өзгөчө көңүл бурушту. Бул Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы 2019-жылдан берки биринчи соода миссиясы жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий