• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунда токойдон өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагында болжол менен 2 га токой күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылында эки кабаттуу турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 12 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Шопоков шаарында турак үйдүн ичинде керебет, төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий