• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 160 млн доллардан ашык каражат которгон

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Жыл башынан бери кыргыз мигранттары өлкөгө 161,7 млн. доллардан ашык каражат которгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын жыйынтыгы менен мигранттардын которгон каражаты 2,6 млрд. долларды түзгөн.

Дээрлик 800 миң кыргызстандык жаран чет элде эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда, Түркия менен Кореяда 30 миңден жаран иштейт.

Пикир

Оставить комментарий