• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Италия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары - парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу саясий байланыштардын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, соода жана инвестиция сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, буга байланыштуу эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде министрдин орун басары Чириелли Италиянын Борбордук Азия чөлкөмү жана Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ал да соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселеси артыкчылыктуу экендигин тастыктап, аны менен бирге келген делегациянын курамында италиялык бизнес-ассоциациялардын жетекчилери бар экенин айтты.

Тараптар эл аралык күн тартибин, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагында кызматташуусун, атап айтканда, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгени алга жылдыруу жана 2027-жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөөнү жана быйылкы жылы ар кандай деңгээлдеги бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты.

Белгилей кетсек, Италиянын тышкы иштер министринин орун басары баштаган делегация Кыргызстанга кыргыз-италиялык тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларына катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий