• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

УКМК трансулуттук киберкылмыштуу топтун уюштуруучуларын кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Трансулуттук кибер кылмыштуу топтун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан финансы-банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында, тиешелүү кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу КР жарандарынын акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасы аныкталды.

Тактап айтканда, трансулуттук кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды активдештиргенден кийин колдонуучулар, КР жарандары электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкан.

Топтолгон жана процессуалдык түрдө документтештирилген далилдердин негизинде аталган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 2 чет элдик жаран жана алардын 2 шериги Кыргызстандын жарандары кармалды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин камакка алынып, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК жарандарды шектүү шилтемелерден өтпөөгө жана банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Эгерде сиз банк операциялары боюнча алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз УКМКга 0(312) 66-04-75 номери же болбосо электрондук почта (gknb.gov.kg) аркылуу кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий