• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлүк премьерлер Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 21.-3.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

___________________________________________________________________________________________________

Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун куттуктоосу: «Нооруз майрамына карата менин чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул жаркын майрам элдерибиздин тарыхый, маданий жана руханий мурастарынын маанилүү ажырагыс бөлүгү болуп саналат, тамырыбыздын жана баалуулуктарыбыздын жалпылыгын чагылдырат. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары да улантабыз деп ишенем. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине ар дайым тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

____________________________________________________________________________________________________

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын куттуктоосу: «Сизге жана дос Кыргызстан элине майрамдык куттуктоолорду билдирүүгө уруксаат этиңиз! Кытай өкмөтү кытай-кыргыз мамилелерине көбүрөөк көңүл бурат. Сизге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм. Кыргызстандын дос элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат телеграммада.

____________________________________________________________________________________________________

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосу: «Боорукердикти, сулуулукту жана көркөмдүктү, жашарууну жана жаңыланууну, кылымдардан бери келе жаткан үрп-адаттарды жана каада-салттарды камтыган бул майрам боордош элдерибиздин ортосундагы достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоого кызмат кылаары талашсыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, ошондой эле аймакта тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн, мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү боюнча мамлекет башчыларынын макулдашууларын толук жана өз убагында ишке ашыра алабыз деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоодо.

_____________________________________________________________________________________________________
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун куттуктоосу: «Сиздерди жана боордош элди улуу майрам – Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Кылымдар бою Нооруз салттуу достукту чыңдоого, нукура тарыхыбызды жана тектеш элдерибиздин маданиятын жайылтууга зор салым кошуп келет. Бул улуу майрамдын алкагында, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы руханий баалуулуктар жана ар түрдүү тармактардагы көп кырдуу мамилелер мындан ары да өз ара урмат-сый, конструктивдүү диалог жана өнөктөштүк менен коштолооруна ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Сизге чың ден соолук жана зор ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий