• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада экологиялык таза шартта өстүрүлгөн Баткен өрүгүн саткан жай ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркында Баткен өрүгүн саткан жай ачылды. "Баткен берекеси "чатырында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүктөр сатылууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган жайды уюштуруунун максаты — Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.

"Бул иш аракет президенттин Баткен жана Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрү Абдикарим Алимбаевдин, Илияз Иманбетовдун жана Чолпон-Ата шаарынын мэринин макулдашуусунун алкагында ишке ашты", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий