• 88.68
  • 95
  • 0.95

Телефон менен сүйлөшүүгө болбойт! Көрүүчү театрга барганда эмнени эске алышы керек?

Маданият 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандардын эсине театрда өзүн алып жүрүү эрежелерин эскертти.

Министрлик көрүүчү театрга кирээрде сөзсүз кийим илгичке сырткы кийимдерин, көлөмдүү сумка-баштыктарын тапшыруусу кажет экендигин билдирет.

Маданий мекеменин ичинде тамеки тартууга жана ичимдик ичип спектаклге кирүүгө тыюу салынган.

Спектакль баштала электе уюлдук телефонду өчүрүү же үнсүз режимге коюу шарт.

Спектакль маалында телефон менен сүйлөшүүгө болбойт, анктени телефондун шыңгыраганы көрүүчүлөрдүн да, ойноп жаткан артисттин да оюн бөлөт.

Спектакль маалында тамак жегенге, шатыратып баштык оодарганга болбойт. Тамак-аш жана суусундуктар менен залга кирүүгө жол берилбейт. Спектакль учурунда фотоаппараттын жарыгын күйгүзүп сүрөткө тартуу автордук укук мыйзамын бузуу болуп эсептенилет.

Видеого жана аудио жаздырууга болбойт, бул иш аракеттер башка көрүүчүлөрдүн тынчтыгын, спектаклдин атмосферасын бузуп, актерлордун ишине тоскоолдук жаратат.

Спектакль учурунда сүйлөөгө жана сүйлөшүүгө болбойт.

Спектакль бүткүчө ордуңуздан турбаңыз — башка көрүүчүлөрдүн тынчын албаңыз.

Өнөр адамдарына ыраазычылык кол чабуу экенин унутпаңыз, актёр-актриса, спектакль жакса — эмоцияңызды жашырбаңыз.

Жаш бала менен театрга барууга болбойт. Эгер келип алсаңыз, балаңыз спектакль маалында бакырып ыйласа дароо залдан чыгып кетүү зарыл. Себеби, театр кино эмес, театр жандуу организм, артисттер жандуу ойноп жаткан учурда балдардын ыйлаганы өтө тоскоолдук жаратат.

Балдарды коштоп жүргөн адамдар спектакль учурунда балдардын жүрүм-турум эрежелерин сакташын, анын ичинде баланын унчукпай отурушун, өз ордунда болушун камсыздоого милдеттүү.

Театр бул искусство. Театрга адам эс алганы, руханий азык алганы барат. Театрга барган адам сырткы келбетине, кийген кийимине көңүл бурушу керек.

Айрым театрларда көрүүчүлөрдөн белгилүү бир дресс-кодду катуу сактоону талап кылат. Көбүнчө мындай талаптарга аялдар үчүн көйнөк, эркектер үчүн костюм сыяктуу расмий кийимдерди кийүү маанилүү.

Театрга ашыкча жыттанган атыр себинип келүү да туура эмес. Анткени атырды ашыкча себинүү отургандарга ыңгайсыздык жаратат.

Көрүүчүнүн эң башкы милдети театрга кечикпей, убагында баруусу керек. Кечигип баруу бул адепсиздик болуп эсептелет.

Эгерде кечигип барган көрүүчүгө театрга кирүүсүнө уруксат берилсе, анда ал спектакль болуп жаткан залга мүмкүн болушунча акырын кирип, биринчи бош орундуктан орун алуусу зарыл.

Билетте жазылган орундукту издеп бүт залды кыдырып, ордуңузга эрте келип отуруп калган көрүүчү менен талашып- тартышпастан, администраторго кайрылып, түшүнбөстүктү чечип берүүсүн суранганыңыз туура болот.

Өз ордуңузга тыныгуу маалында отуруңуз. Спектаклден чыккандан кийин аягында сырткы кийимиңизди кийүү үчүн кийим илгичке карай шашылбаңыз.

Кийим илгичке канча көрүүчү чогулбасын, бардыгы 10-15 мүнөттө кийинүүгө үлгүрүшөт. Театрга киргенде театрдын эрежелерин так сактаңыз.

Пикир

Оставить комментарий