• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айсабек Полатбеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсабек Полатбеков күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту.

Мелдеш Пловдив (Болгария) шаарында 10-15-сентябрь күндөрү өтөт.

Полатбеков 55-60 жаштагы спортчулардын арасында 62 кг салмактагы категорияда грек-рим күрөшү боюнча мелдешке чыккан. Аталган категория боюнча бардыгы болуп 8 спортчу катышкан.

Полатбеков алгач Венгриялык спортчу менен беттешип, 5:3 эсебинде уткан.

Андан соң Италиялык спортчу менен кармалыш, финалда АКШлык балбан менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилип калып, экинчи орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышууда. Алардын арасында мурунку ички иштер министри, Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий