• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Дүйнө чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча курама бешинчи орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 14.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) маалыматына ылайык, Кыргызстандын курамасы жалпы 77 упай топтоп, командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга жайгашкан. Ал эми биричи орунга 125 упайы менен Түркия өлкөсү илинди.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Алдыда кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча кармаштар болот. Бүгүн, 14-сентябрда Мээрим Жуманзарова (68 кг) килем үстүнө чыгат.

Белград шаарындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий