• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нооруз-2022: Эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Нооруз-2022” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Оюн 21-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өттү. Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлери:

+ 90 кг:

1-орун – Күмүшбек Кыдыралиев, Талас облусу;

2-орун – Жеңишбек Бектур уулу, Талас облусу;

3-орун – Эрлан Мамбеталиев, Бишкек шаары;

90 кг:

1-орун – Кумарбек Адилет уулу, Бишкек шаары;

2-орун – Алмазбек Ибрагимов, Чуй облусу;

3-орун – Майрамбек Нурташ уулу, Ысык-Көл облусу;

80 кг:

1-орун – Ислам Бердибек уулу, Нарын облусу;

2-орун – Амантур Мунур уулу, Талас облусу;

3-орун – Шерболот Бердибек уулу, Жалал-Абад облусу;

70 кг:

1-орун – Бактыгул Райхан уулу, Нарын облусу;

2-орун – Аманбай Шайдин уулу, Нарын облусу;

3-орун – Калысбек Кубатов, Нарын облусу.

60 кг:

1-орун – Акыл Сагынбеков, Бишкек шаары;

2-орун – Шаршенбек Эркинбек уулу, Нарын облусу;

3-орун – Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу.

Байге фонду – 200 миң сом:

1-орун – 20 миң сом;

2-орун – 12 миң сом;

3-орун – 8 миң сом.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын атынан дипломдор, медалдар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий