• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары Япония элчиси менен кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта КР Жогорку Кеңешинин Яплния менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сигеки Маэда жана JICAнын туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Нуржигит Кадырбеков, Динара Ашимова, Аида Исатбек кызы, Миргүл Темирбаева, Жаныбек Абиров, Гүлшаркан Култаева жана Медербек Саккараев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Талайбек Масабиров быйыл Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканына токтолуп: “Отуз жылдын ичинде эки өлкө биргелешкен күч-аракет менен бардык багыттагы кызматташтыктар боюнча жакшы натыйжаларга жетишти. Кыргызстанда Жапониянын колдоосу менен социалдык-экономикалык мааниге ээ көптөгөн гранттык долбоорлор ишке ашырылып жатат”, - деп кошумчалады. Муну менен катар депутат кыргыз тарап парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого да кызыкдар экендигин белгиледи.

Ал эми депутат Динара Ашимова Кыргызстанда миграциянын багытын өзгөртүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын, буга байланыштуу эмгек мигранттары талап кылынган жаңы кесиптерге окутуу жаатында кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде элчи Сигеки Маэда Жапония акыркы 30 жылда Кыргызстан менен достук мамилени чыңдоого жигердүү умтулуп жатканын билдирип, анын ичинен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн ар кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын маалымдады. Ошондой эле Сигеки Маэда “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу жана мамлекеттик кызматчыларды окутуу боюнча JDS программасы тууралуу кыскача айтып берди. “Биргелешкен аракеттер менен биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары да ийгиликтүү өнүктүрө алабыз”, - деп кошумчалады элчи.

Андан тышкары, жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өз ара кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышты. Жыйынтыгында Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшоого даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий