• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКда депутат Салянованын инисинин өлүмү боюнча маалыматты угуу маселесин чече албай жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламентте депутат Аида Салянованын инисинин өлтүрүлүшү боюнча өкмөттүн маалыматын угуу же укпоо маселесин чече албай жатышат.

Алсак, депутат Наталья Никитенко бул маселени бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Анын айтымына караганда, күн мурун “Ата Мекен” фракциясы Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат алуу үчүн ИИМдин, УКМКнын башчыларын чакырткан. Бирок эч кандай маалыматы жок катардагы кызматкерлер келген. Ошондуктан бүгүн жыйынга чоң резонанс жараткан бул окуя боюнча маалымат алуу үчүн Ички иштер министрин чакырууну сунуштады.

Төрага Дастан Жумабеков белгилегендей, ИИМ бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын жана тергөөнүн кызыкчылыгында толук маалымат азырынча жарыяланбай турганын билдирген.

Депутаттардын айтымында, бул абдан маанилүү маселе жана ИИМ башчысы же орун басары маалымат беришсе жакшы болмок. Бирок Төрага кесиптештерин шашылбоого чакырды.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү түнкү саат 01:30 чамасында бир нече беткап кийген белгисиз адамдар Көк-Жар айылында жашаган Улан Саляновдун үйүнө кирип барышкан.

Алдын ала болжолдуу маалыматка караганда кылмышка шектүүлөр 42 жаштагы Улан Саляновго эки жолу ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Жабыркаган Салянов аймактык ооруканага жеткирилген соң каза болгон. Кол салуу болгон учурда үйдө 42 жаштагы үй ээси, жубайы жана 17 жаштагы уулу болгон. У.Салянов депутат Аида Салянованын бир тууган иниси болот.

ИИМден кабарлашкандай Улан Саляновдун өлүмү боюнча бир нече версия каралууда. Бирок саясий себеп каралган жок.

Пикир

Оставить комментарий