• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Байге фонду 40 миң сом. Жети-Өгүздө кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакирдин Рысовдун байгесине арналган республикалык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өтүп, ага бардык аймактардан келген 88 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 40 миң сомду түздү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

62 кг

  • 1-орун Эламан Базарбек уулу (Бишкек);
  • 2-орун Бей-Барс Анарбеков (Талас);
  • 3-орун Бекболот Султанов(Бөкөнбай);

75 кг

  • 1-орун Айболат Аманов (Бишкек);
  • 2-орун Алай Саратов (Ысык-Көл);
  • 3-орун Байбол Саламат уулу (Бөкөнбай).

85 кг

  • 1-орун Азизхан Мусабек уулу (Кара-Ой);
  • 2-орун Билал Жороев (Талас);
  • 3-орун Манас Үсөнов (Бишкек).

+85 кг

  • 1-орун Бактияр Мирлан уулу (Бишкек);
  • 2-орун Мухтар Калыбек уулу (Жалал-Абад);
  • 3-орун Тамчы Эсенбек уулу (Нарын).

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөр боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий