• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте алгачкы жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча алгачкы ирет Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 27-28-ноябрь күндөрү өтүп, ага 12 өлкөнүн балбандары катышат.

Азия биринчилигинде жалпы жонунан 28 медаль ойнотулат. Балбандар 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограммдан жогорку салмактагы байге үчүн күч сынашат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан чоңдор арасында кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилигин биринчи жолу өткөрүп жатат.

Аталган иш-чараны уюштурууга Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциянын бюджетинен 1 миллион 481 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий