• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстанда январь-мартта керектөө бааларынын өсүшү 1,4 пайызды түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүшү 1,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 4,1 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,9 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 0,2 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 3,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун (0,7 пайызга төмөндөө) кошпогондо, республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү (2,1 пайыз) Талас облусунда катталган, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (2,2 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп жогорулашы менен шартталды.

Пикир

Оставить комментарий