• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кыргызстан Нью-Йоркто тоолуу токойлорду жайылтууга багытталган кошумча иш-чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Токой форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, тоолуу токойлорду жайылтуу” темасында кошумча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан бил диришти.

Кошумча иш-чара Непал, Италия, БУУнун өнүктүрүү программасы жана Тоо шериктештигинин катчылыгы тарабынан биргелешип уюштурулган. Иш-чаранын катышуучулары тоо тармагынын күн тартибин дүйнөлүк аренада мындан ары жайылтуу боюнча бир катар сунуштарды айтышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Беш жылдыкты” ишке ашыруу боюнча мамлекеттик жол картасы көрсөтүлдү.

Өз сөзүнүн жүрүшүндө Исаев катышуучуларды Кыргызстандын "Тоолор жана климат" жаңы глобалдык диалогун эл аралык климаттык күн тартибине киргизүү боюнча сунушун колдоого жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга чакырды.

Тоо жана токой экосистемаларын сактоо үчүн кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жүктү адилет бөлүштүрүүгө чакырды. Жыйынтыгында катышуучуларды "Бишкек+25" Экинчи глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырды.

Кыргызстандын тоо демилгелерин ишке ашыруунун алкагында Исаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы Хаолиан Сю жана Көп тараптуу трасттык фонддун жетекчилиги менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУӨПтүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирге Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктүн трасттык фондун тезирээк ишке киргизүү ниетин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий