• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо, калаанын бардык райондоруна жарык орнотуу, оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында Профессор Зима көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин 4 жарык чырагы, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде дагы бир чырак орнотулду.

"Ошондой эле, Худайбергенов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишине 3 жарык чырагы орнотулган, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 8 торшер жарык берүүдө, Токоналиев көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин 2 жарык чырагы иштеп жатат.

Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги зымдын үзүлгөнү калыбына келтирилди. "Мурас-Ордо" жаңы конушунда №7 көчөдө 900 метр изоляцияланган зым тартылды.

Ленин районунун аймагында “Ак-Өргө” жаңы конушунда Жетиген көчөсүндө Өмүракунов көчөсүнөн Хан теңир көчөсүнө чейин 24 чырак жана кроншейн орнотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий