• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2020-жылдын жыйынтыгы: Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында 138 миңден ашуун документ камтылган

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине 12 миң 897 документ киргизилген. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында 138 миң 421 документ камтылган.

Ошол эле учурда, төмөнкү шилтеме боюнча жайгашкан Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкынын колдонуучуларынын саны жылдан жылга туруктуу өскөнү байкалууда:

Мисалы:

- 2016 – жылы - 471 568 колдонуучу (1 094 692 көрүү);

- 2017 – жылы - 729 732 колдонуучу (1 866 094 көрүү);

- 2018 – жылы - 954 073 колдонуучу (2 828 532 көрүү);

- 2019 – жылы - 1 271 390 колдонуучу (4 155 027 көрүү);

- 2020 – жылы - 1 458 245 колдонуучу (4 401 248 көрүү).

Белгилей кетсек, www.net.kg сайтында жарыяланган рейтингке ылайык, мамлекеттик органдардын сайттарына киргендердин саны боюнча Юстиция министрлигинин расмий сайты алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий