• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстанда жыл башынан бери тышкы жана өз ара сооданын көлөмү $3,7 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-мартында Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 3,7 млрд долларды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул 2023-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 29,8 пайызга өскөн. Анын ичинен экспорттук жөнөтүүлөр 12,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 33 пайызга көбөйгөн.

Ал эми Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-мартында 868,5 млн долларды түзүп, 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,5 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (70,4 пайыз) жана Казакстанга (27,2 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт Экспорт

Пикир

Оставить комментарий