• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 24,4 пайызга кыскарды

Экономика 0

Бишкек,16.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 24,4 пайызга кыскарды жана 112,1 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн төмөндөгөнү белгиленди, резидент эместерден алынган кредиттерден башка, алардын көлөмдөрү 3,3 эсеге көбөйдү.

Нет описания.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (91 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш ишканаларына, дүң жана чекене соодага, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 7,4 эсеге көбөйдү, пайдалуу кендерди казуу - 3,1 эсеге, дүң жана чекене соодага – 18,1 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта иштетүүчү өндүрүштук ишканаларына инвестициялар – 7,7 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 2,9 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 28,3 пайызга кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан 1 304,4 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Швейцариядан - 4,1 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Кошмо Штаттардан – 3,2 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу) жана Нидерланддан - 15,9 пайызга (финансылык ортомчулук жана камсыздандуу, маалымат жана байланыштын) төмөндөшүнүн эсебинен жүрдү. Муну менен катар, Кытайдан - 6,7 эсеге көбөйдү (геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу), Улуу Британиядан – 2,3 эсеге (гелологиялык чалгындоого), Түркиядан – 19,2 пайызга (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш ишканаларына) инвестициялар көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (47,4 пайызы), Түркияга (14,3 пайызы), Нидерландга (9,7 пайызы), жана Улуу Британияга (9,3 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,7 пайызга көбөйдү, бул алардын Россиядан 1,3 эсеге (электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода) жана Казакстандан 8,0 пайызга (иштетүү өндүрүшкө, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын I кварталына салыштырмалуу Ош облусунун ишканаларына – 219,1 эсеге, Жалал-Абад облусуна – 7,6 эсеге, Чүй облусуна – 2,2 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта калган региондорго инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 63 пайызга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 28 пайыздан ашыгы, ошондой эле Чүй облусунун ишканаларына - 7 пайыздан ашыгы туура келди.

Пикир

Оставить комментарий