• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Долбоорлор Кыргызстандын агроөнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган. Алар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан ишке ашырылмакчы.

Отурумдун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарды, мамлекеттик банктарды 100 ири бизнес долбоорду активдүү колдоого чакырып, 10 күндүн ичинде далилдүү чечимдер менен келүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий