• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Текшерүү алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, мамлекеттик тил мыйзамынын талабына жооп бербеген эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген эскилиги жеткен жарнамалар алынды.

Рейддик иш-чаралар уланат.

Белгилей кетсек, рейд “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышын жана аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий