• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун финансы-экономикалык өнүгүүсүнүн жетишкендиктери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Ош шаарында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Министрликтен билдиришкендей, "Ош облусунун финансы-экономикалык системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары" аталышындагы иш-чарага Финансы министрлигинин жетекчилиги, облустук жана райондук администрациялардын жетекчилери, алдыңкы экономисттер, банктардын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.

Финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев Ош облусунун финансы-экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Ал акыркы үч жылда облуска республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча 106 объектке, анын ичинде 60 мектепке 4 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Эрнст Калдыбаев аймактык фонддорду өнүктүрүүдөгү маанилүү жетишкендиктерди белгилеп, 2023-жылы гана 2,4 млрд сомго каржылангандыгын билдирди.

2024-жылга "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 1,5 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын 257,3 млн сому Ош облусундагы 86 долбоорду каржылоого алынган. Мындан тышкары, мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан Ош аймагын өнүктүрүү долбооруна 60 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Конференциянын маанилүү темасынын бири инфратүзүмдүк долбоорлорго инвестицияларды талкуулоо болду. Эл аралык донорлор тарабынан 78 млн АКШ доллары суммасына суу түтүктөрүн оңдоо иштери улантылууда, ошондой эле транспорт жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 133 млн АКШ доллары бөлүнөт. Эл аралык финансы уюмдары экономиканын ар кайсы тармактарында активдүү колдоону улантууда.

Иш-чараны жыйынтыктап жатып Эрнст Калдыбаев бардык конференциянын бардык катышуучуларына жана уюштуруучуларына жемиштүү иштөөнү, конструктивдүү баарлашууну жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү каалап, “Конференция кербени” символун тапшырды.

Эскерте кетсек, өлкөнүн бардык облустарында Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Биринчи “Конференция кербени” 15-апрелде Баткен облусунда башталган, ал эми кийинки иш-чара Жалал-Абад облусунда өтөт.

Жыйынтыктоочу илимий-практикалык конференция тийиштүү резолюцияны кабыл алуу менен 28-майда Бишкек шаарында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий