• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Аалиев: Кыргызстандын энергетикасынын карызы 129 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Энергетикалык тармактын жылдык дефицити дээрлик 7-10 млрд сомду түзөт, ал эми жалпы карыз 129 млрд сом. Бул жаман көрсөткүч. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы 30 жылдын ичинде энергетика тармагы совет мезгилиндеги резервдерди колдонуп келет, жыл сайын гидроэлектр агрегаттары, трансформатордук көмөкчордондор тышкы донорлордун жана гранттардын эсебинен сакталып турат.

«Тилекке каршы, биз аз убакыттын ичинде энергетика тармагын жоготуп алышыбыз мүмкүн, ошондуктан мындай абалдын алдын алуу керек. Бизди толук масштабда канааттандырышы үчүн комплекстүү жүргүзүлгөн иш аракеттердин алкагында биздин энергетиканы сактап калабыз жана кайра жарата алабыз деген үмүттөбүз», - деди Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий