• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК Бишкектеги базар администрацияларын онлайн салыктык кызматтар боюнча окутууну улантууда

Экономика 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Бишкек шаарынын базарларынын администрацияларын онлайн салыктык кызматтарды пайдалануусу боюнча окутууда.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуу "Дордой" СБКнын аймагындагы салык консультанттары жана базардагы ишкерлер жана көзөмөлдөөчүлөр үчүн өткөрүлдү.

Ишкерлерди тейлөө пункттарында кезек күтүүлөрдүн орун алышына жол бербөө максатында, базар администрацияларынын окутулган өкүлдөрү өз участокторунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Атап айтканда, окутууда ишкерлер салык органдарына барбастан "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу электрондук патентти өз алдынча алуу/узартуу, ошондой эле бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу "жеке кабинетке" кирүү мүмкүндүгүн алуу тууралуу маалымат берилди.

Окутууда ошондой эле Мбанк жана MegaPay мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент алуу боюнча түшүндүрмө берилди.

Салык кызматынын адистери базарларда иштеген ишкерлерге кайсы салык режимин тандоо керектигин кеңири айтып беришти.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып соода иши үчүн патентти колдонуу токтотулат. Белгиленген датага чейин патент менен соода жүргүзгөн ишкерлер тийиштүү салык режимин тандашы керек.

Стратегиялык объектилерге ("Дордой", "Кара-Суу СБК) киргизилген салык төлөөчүлөр үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык каралган. Базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы каралган.

Пикир

Оставить комментарий