• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Шри-Ланка Ишкерлер кеңешин түзүү маселесин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Шри-Ланканын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлүшү ыктымал. Мындай мүмкүнчүлүк КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) вице-президенти Толкунай Таалайбекова менен Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Аруни Вижеварданенин эки тараптуу жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу КР СӨПтүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ошондой эле эки өлкө ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү да каралды.

Андан тышкары, эки тараптуу жолугушууда кызматташтыктын келечеги, анын ичинде Цейлон чайын жеткирүү жана аны Борбордук Азияга таратуу маселелери талкууланды.

Зергерчилик өнөр жайы үчүн алтынды, баалуу металлдарды жана таштарды экспорттоо жана ЕБ өлкөлөрүнө биргелешип экспорттоо маселелери дагы каралды.

Аруни Вижевардане жолугушууда аба каттамдарынын зарылдыгы тууралуу маселени көтөрүп, бул боюнча палаталык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын курамына эки өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө жооптуу органдарды киргизүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий