• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медкызматкерлерге декабрь айы үчүн 179,6 млн сомго кенемте төлөнүп берилди

Экономика 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн 179 млн 631 миң 800 сомго кенемте төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында 2 миң 192 дарыгер тартылган. Аларга 52 млн 847 миң 585 сом төлөнгөн, 3 миң 949 орто медперсоналга 72 млн 413 миң 54 сом, кенже жана башка 3 миң 552 кызматкерге 54 млн 371 миң 161 сом кенемте төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий