• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакынкы 4 жылда электр тармактарын өнүктүрүүгө 21,4 млрд сом инвестиция салуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» жакынкы 4 жылда 110-500 кВ тармактарын курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого 8,4 млрд сом инвестиция салууну пландап жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги» аттуу тегерек столдо аталган компаниянын башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.

Ал инвестициянын ичине төмөнкүлөр кире тургандыгына токтолду;

- инвестициялык долбоорлор – 6,6 млрд сом;
- модернизация жана 110-220 кВ подстанцияларды оңдоо – 1 млрд 477,1 млн сом;
- модернизация жана 110-220 кВ аба чубалгыларын оңдоо – 246 млн сом.

Сыдыков электр тармактарын өнүктүрүүгө региондорду өнүктүрүүгө жана энергетика тармагын санариптештирүүгө басым жасоо менен 21,4 миллиард сом инвестиция салуу пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий