• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Бир катар товарларды маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы токтомуна ылайык, айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, маркалоо боюнча пилоттук долбоор сыра продукциясына, бөтөлкөгө куюлган (минералдык, газдалган) сууга, суусундуктарга (кант камтыган, газдалган, сергитүүчү жана энергетикалык) жана башка тамеки продукцияларына (сигаралар, сигариллалар, кальяндык, жыттоочу, чайноочу тамеки, никотин камтыган суюктуктар), ошондой эле никотинди жеткирүү түзүлүштөрүнө карата жүргүзүлөт.

Пилоттук долбоорду ийгиликтүү өткөрүү максатында Салык кызматы жогоруда аталган товарларды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга main.teksher.kg сайтындагы “Товарларды маркалоо” маалыматтык системасына катталууну сунуштайт.

Долбоорду Салык кызматы Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – “Альфа Телеком” ЖАК менен биргеликте ишке ашырат.

Кошумча маалыматты Мегакомдун сатуу жана тейлөө борборлорунан же (0999)33-39-99 номеринен, ошондой эле Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан (“Санариптик маркалоо” бөлүмү) алууга болот.

Белгилей кетсек, товарларды маркалоо товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолун байкоого жардам берет, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, калкты сапатсыз товарлардан коргойт, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий